Мас абалда унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат
RU

Мас абалда унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мас абалда унаа башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Андан тышкары жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулатылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исираилов билдирди.

Жыйында депутат Эмил Токтошев жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн айып пулдун көлөмү жогорулатылганын кенен түшүндүрүп берүүнү суранды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Исираилов айрым беренелерге өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи.

Ага ылайык:

  • спирт ичимдигин ичип алып унаа айдаган кишиге биринчи жолу кармалганда бир жылга, кайталанса үч жылга унаа айдоого тыюу салынат;
  • ылдамдыкты чегинен ашырса - саатына 40-60 чакырымдан ашырса 7500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат;
  • каршы тилкеге чыгып айдаса 15 миң сом (учурда 5 500 сом);
  • жол эрежесин кайталап бузса айдоочулук күбөлүктү кайра сынак тапшырып алууга милдеттендирилет;
  • автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (учурда 7500 сом);
  • салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9529