Япониялык компания Кыргызстанда чакан ГЭС курууга кызыкдар
RU

Япониялык компания Кыргызстанда чакан ГЭС курууга кызыкдар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япониянын "Muroo Systems Co" компаниясы Кыргызстанда ГЭС курууга ниеттенүүдө. Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюлду.

Маалым болгондой, энергетика министри Таалайбек Ибраев менен "Muroo Systems Co" компаниясынын президенти Жонсинг Пан энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга, ошондой эле Каракөл чакан ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту.

  • Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун максаты - Кыргыз Республикасында гидроэнергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү, чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча кызматташтык үчүн тыгыз өз ара аракеттенүү.
  • Кол коюлган жол картасынын алкагында чакан ГЭС куруу жөнүндө долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.

Ал эми "Muroo Systems Co" компаниясынын президенти Жонсинг Пан чакан ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Эске салсак, ноябрь айында министр Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарында "Muroo Systems Co" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча презентация жасаган. Анын алкагында "Muroosystems Corporation" компаниясынын өкүлдөрү декабрда гидроэнергетикалык потенциалды изилдөө үчүн Кыргызстанга келүү боюнча макулдук беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9663