Арабиялык компания күндөн электр энергиясын алуучу станция курууга 3 аймактан жер сурады
RU

Арабиялык компания күндөн электр энергиясын алуучу станция курууга 3 аймактан жер сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министрлиги күндүн нурунан электр энергиясын алган станция куруу үчүн арабиялык Masdar компаниясы менен келишим түздү. Бул макулдашуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Абу-Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында жетишилген.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, Masdar компаниясы менен күндүн нурунан 200 МВТтык электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча документке кол коюлду.

Министр Таалайбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстандагы күндөн, шамалдан энергетиканы өндүрүүнүн жолдору боюнча кылган презентациясынан улам Masdar компаниясынын өкүлдөрү күнгө ылайыктуу Ысык-Көл жергесинен, Токтогул ГЭСнин тегерегинен жана Баткен облусунан жер сураган.

  • Түзүлгөн келишимдин негизинде Masdar компаниясы 4 ай изилдөө иштерин жүргүзүшөт;
  • Июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт;
  • План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет;
  • Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка 180 миллион доллар, андан ары 1 миллиард долларга чейин салым кошот.

Masdar компаниясынан гидроэнергетикага дагы салым кошууга кызыктар экенин билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9622