Ошто вагон басып калган жарандын сөөгү чыгарылды
RU

Ошто вагон басып калган жарандын сөөгү чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто күйүүчү май ташыган цистернанын алдында калган жарандын сөөгү чыгарылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришет.

Белгилүү болгондой, 21-декабрда 3 цистерна (вагон) темир жол каттамынан чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, дагы бир адам жабыркаган.

Жерине өрт чыгуу коркунучун жоюу жана каза болгон жаранды цистернанын астынан чыгарууга ӨКМдан ыкчам топ, 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, 18 куткаруучу жана ИИМден 10, тез жардам кызматынан 6 кызматкер тартылган. 22-декабрда маркумдун сөөгү цистернанын алдынан чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9690