Ошто бензин ташыган вагондор оодарылып, бир кишини басып калды. Видео
RU

Ошто бензин ташыган вагондор оодарылып, бир кишини басып калды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто темир жол аркылуу бензин алып бара жаткан 3 вагон оодарылып, кырсыктан бир киши каза тапты. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Кырсык кечээ, 21-декабрда Нариман айыл аймагындагы темир жол станциясында катталды. Анда күйүүчү май (бензин) куюлган 3 цистерна темир жол каттамынанан чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган Э.У. аттуу эркек киши (регулировщик) каза болду. Аны цистерна басып калган. Ал эми 22 жаштагы С.А. аттуу жигит жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген, абалы туруктуу.

Жерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы тартылган. Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен цистернадагы бензинди башка бактарга куюп алуу, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда. Ошондой эле цистерна басып калган жарандын сөөгүн алып чыгуу иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9686