Кийинки жылы 4% менен ипотекалык үйлөр бериле баштайт. Курулуш ишинен видео
RU

Кийинки жылы 4% менен ипотекалык үйлөр бериле баштайт. Курулуш ишинен видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында ипотекалык негизде бериле турган турак жайлардын курулушу кызуу жүрүп жатканын маалымдады.

Ал белгилегендей, Бишкек шаарында 1500 батирлүү көп кабаттуу үйлөр салынууда.

"Учурда көп кабаттуу үйдүн котлованы казылып, бетондоо иштери жүрүүдө. Батирлер кийинки жылдын июнь, июль айларында мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу тапшырылып, 4% менен 20-25 жылдык мөөнөткө берилет", - деди ал.

Буга чейин Элдик курултайдын жүрүшүндө Садыр Жапаров пайыздык чени 14 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүлгөн ипотекага үй алууга мамлекет шарт түзө турганын белгилеген.

Көп өтпөй эле президенттин иш башкармалыгы курулуш иштери башталганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9699