Жазында башталып, күзүндө бүтүрүлөт. Президент Ноокаттын жолун оңдоону тапшырды
RU

Жазында башталып, күзүндө бүтүрүлөт. Президент Ноокаттын жолун оңдоону тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолун капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырды. Ал бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган унаа жолдун абалы менен таанышып чыкканын президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.

Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз мезгилинде баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керектигин эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9712