Президент Баткендеги "Достук" заставасындагы абал менен таанышты
RU

Президент Баткендеги "Достук" заставасындагы абал менен таанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Достук" чек ара заставасына барды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, мамлекет башчы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди.

Президент Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи.

Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9710