Атазов: "Кемпир-Абадга барып көрбөгөн гейлер жүрүшкө чыгышты"
RU

Атазов: "Кемпир-Абадга барып көрбөгөн гейлер жүрүшкө чыгышты"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов УКМКдан бейөкмөт уюмдарды көзөмөлгө алууну суранды. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Атазов коопсуздук комитети бейөкмөт уюмдарды каттайбы деген суроону койду. УКМКнын жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыков бардык уюмдар Юстиция министрлиги аркылуу каттоодон өтөрүн белгиледи.

Депутат Кемпир-Абад боюнча акцияны кандай адамдар өткөргөнүнө токтолду.

"Эркек эмес же аял эмес болуп алышып, желектерди көтөрүп алып, жүрүштөрдү жасап жатышпайбы. Ошолордун максатын билип, каттоого алышыңыздар керек да. Мисалы Кемпир-Абадга бир да жолу барып көрбөгөн гейлер жүрүшкө чыкпадыбы. Кандай карайсыздар буга?", - деди ал.

УКМКнын төрагасынын орун басары баалуулуктарга сокку уруп, кыргыздын кулк-мүнөзүнө туура келбеген нерселерди жасап жаткан болсо чогуу күрөшөлү деди.

Атазов мындай уюмдарга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдарды кабыл берүүгө даяр экендиктерин белгиледи. "Алар мамлекеттин туруктуулугуна гана эмес, каада-салтка дагы таасир этип жатышат. Биздин борбордук аянтты булгап жүрүшөт", - деди жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9722