Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды саясий туткун деп таануу сунушталды
RU

Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды саясий туткун деп таануу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды саясий туткундар деп таануу сунушталды. Мындай билдирүүнү Саясий туткандарды коргоо комитетинен жасашты.

Анда Кемпир-Абадды коргоо комитетинин түзүлгөнүнө бир гана күн болгондо комитеттин дээрлик бардык мүчөлөрү камакка алынып, алардын камалышын Бишкек шаардык соту мыйзамдуу деп тапканы айтылат.

Саясий туткундарды коргоо комитети оппозициялык саясатчылардын, жарандык лидерлердин, журналисттердин "баш аламандык уюштурууга даярдык көргөн" деген күнөө коюлуп камалышын мыйзамсыз, адилетсиз жана саясий максатта ачылган кылмыш иши деп эсептейт. Себеби:

  • Камакка алынган жарандардын бардыгы буга чейин бийликти кескин, системалуу түрдө сындап, позицияларын ачык булактар аркылуу билдирип келишкен. Көпчүлүгү өздөрүн бийликке оппозиция экендигин расмий түрдө жарыялашкан;
  • Кемпир-Абад маселесин активдүү көтөргөн саясатчыларды жоопко тартаарын Садыр Жапаров мурда эле "Кабар" агенттигине берген маегинде ачык айткан. Президенттин бул сөзү укук коргоо органдарына ачык дагы, кыйыр дагы көрсөтмө болду деп эсептейбиз;
  • Биринчи Май райондук сотунда, Бишкек шаардык сотунда айыптоочу тарап камалгандардын күнөөсүн так далилдер менен көрсөтүп бере алган жок;
  • Укук коргоо органдары жана сот кармалгандардын кароосуз калган балдарына, жаш курагына, жалгыз багуучу экендигине, күнөөлөрү далилденбегенине карабастан эркинен ажыратып, түрмөгө камоо чечимин кабыл алды;
  • Дээрлик дүйнөдөгү бардык авторитеттүү укук коргоочу уюмдар Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсеси, Европа Биримдиги жана Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдар камалгандарды бошотууну жана адилеттүү, ачык сот процесси менен камсыз кылууну талап кылышты;
  • Саясий туткундарды коргоо комитети дагы бардык сот процесстерине катышып, мониторинг жүргүзүп, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн күнөөсүн прокуратура жана сот органдары так далилдей алган жок деп эсептейт.

Саясий туткундарды коргоо комитети Кемпир-Абадга байланыштуу камака алынгандарды саясий туткун деп тааныйт жана бардык укук коргоочуларды, жарандарды таанууга чакырат.

  • Асия Сасыкбаева
  • Гүлнара Журабаева
  • Кеңешбек Дүйшебаев
  • Таалай Мадаминов
  • Клара Сооронкулова
  • Равшан Жээнбеков
  • Рита Карасартова
  • Мамбетжунус Абылов
  • Азимбек Бекназаров
  • Перизат Суранова
  • Улукбек Маматаев
  • Бектур Асанов
  • Орозайым Нарматова
  • Кубанычбек Кадыров
  • Жеңиш Молдокматов
  • Марат Баязов
  • Нурлан Асанбаев
  • Айбек Бусурманкулов
  • Али Шабдан
  • Эрлан Бекчоро
  • Атай Бейшенбек
  • Болот Назаров (төкмө акын)
  • Айданбек Акматов
  • Акыл Айтбаев
  • Чыңгыз Капаров
  • Илгиз Шаменов
  • Айданбек Акматов
  • Талант Эшалиев

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9468