Президент май айынан тарта электр энергиясынын тарифи көтөрүлөрүн айтты
RU

Президент май айынан тарта электр энергиясынын тарифи көтөрүлөрүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров калк үчүн электр энергиясынын тарифи кымбаттаарын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Айтымында, май айынан баштап тариф 1 сом болот.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Энергетикалык тармак боюнча маалымат берүүнү туура көрдүм.

Союз мезгилинде электр энергиясын өндүрүү өзүбүздөн ашып, кошуна өлкөлөргө экспортточубуз. Эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбаптыр. Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүрбүз. Курулуштардын саны дагы эселеп өсүптүр.

Ал эми электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда.

Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80%дан жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө.

Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт.

Так кесе айтсам, энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган. Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей (жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет) кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып сатып алып келебиз. (Мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз).

Аны элге 0,77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет.

Былтыр биз тарифтерди кандай кылдык? Тоо кен казган тармактарга 5 сом 04 тыйын, мамлекеттик жана орто ишканаларга 3 сом 40 тыйын ал эми, элге 0,77 тыйындан калтырдык.

Ушундай жол менен энергетика тармагынын карызын өстүрбөй кармап туралы деген аракет болуп жатат. Келечекте карызды толук жабабыз.

Энергетика тармагы мамлекетти кышта дагы толук кандуу өзүбүздүн электр энергиябыз менен тейлөөгө мүмкүнчүлүк алат.

Ал үчүн, ушул тапта 50гө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.

(жол, көпүрө, туннель, электр аба чубалгылары ж.б.).

Бирок жылдан жылга энерго системабыз оңолуу жолуна бара жатат. Ал үчүн баардык күч аракеттерди жумшап жатабыз.

Сөзүмдүн акырында элге кайрылаарым, жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз.

Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар.

Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.

Калганын өзүңүздөр талдап көрсөңүздөр болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы тарифтер (12 статей)
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт
19 Март 2024, 10:55
Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?
28 Декабрь 2023, 14:26
Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт
27 Декабрь 2023, 13:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10014