Акылбек Жапаров ичүүчү суунун тарифин жогорулатуу зарылдыгын айтты
RU

Акылбек Жапаров ичүүчү суунун тарифин жогорулатуу зарылдыгын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров ичүүчү сууга болгон тарифти өзгөртүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди дешет Министрлер кабинетинен.

"Ачык жерлердеги водозаборлордогу суу тоңуп жатты. Мен 3 күндөн бери мындай суу топтоочу жайларды жеринен көрүп келдим. Биз кийинки жылга бул маселени чечүүнүн үстүнөн иштерди алып барабыз. Ичүүчү суулардын тутумдарын жердин астынан алчудай кылабыз, насосторду коёбуз. Быйыл ичүүчү сууга болгон тарифтер саясаты өзгөртүүгө муктаж. Майлуу-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар.

Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. Анткени тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат.

Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл. Суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. 1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет.

Желим бөтөлкөдөгү жарым (0,5) литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок", - деди ал.

Жаңы тарифтер (12 статей)
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт
19 Март 2024, 10:55
Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?
28 Декабрь 2023, 14:26
Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт
27 Декабрь 2023, 13:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10002