Ысык-Көлдө менчиктештирилип кеткен 63,8 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
RU

Ысык-Көлдө менчиктештирилип кеткен 63,8 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура Ысык-Көл районунун курорттук аймагында жайгашкан 63,8 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын маалымдайт. Белгилегендей, Чок-Тал жана Өрнөк айылдарынын ортосунда жайгашкан жердин аянты 4,62 гектарды түзөт.

Текшерүү учурунда 2013-жылы Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ч.Т. аттуу жарандын наамына "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл филиалы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жеке менчик укугу жөнүндө эки мамлекеттик акт берилгендиги аныкталган. Андан соң жер тилкеси 18 адамга өтүп кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл облустук сотуна райондук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арыз берилип, облустук сот аны толугу менен канааттандырган.

Прокуратура тарабынан Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө талап коюлуп, ага ылайык баасы 63 миллион 806 миң сомду түзгөн 4,62 гектар жер тилкеси мамлекетке өткөрүлдү.

Мурунку ээлеринин менчик укугу мыйзамга ылайык жокко чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10490