Сузакта айыл чарба багытындагы жерди сатканга шектелип мамкызматкер кармалды
RU

Сузакта айыл чарба багытындагы жерди сатканга шектелип мамкызматкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, адис жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.

Такталгандай, адис К.О.С. аттуу жаранды ортомчу кылып, жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген. Сатылып кеткен жер тилкелери - дыйкан жерлери болгон.

Бул мыйзамсыз ишке шектелип Сузак райондук архитектурасынын А.Н.О. аттуу кызматкери кармалды. Анын иш кеңсесин тинтүү учурунда Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтер табылган.

Азыркы учурда А.Н.О. жана К.О.С. аттуу жарандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар же жоктугун тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участокторуна байланышкан алдамчылык фактылары болсо 03722 56049, 03722 54961 нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10478