Каныбек Иманалиев өлкөгө 12 жылдык билим берүүнү киргизүү боюнча суроону жоопсуз калтырды
RU

Каныбек Иманалиев өлкөгө 12 жылдык билим берүүнү киргизүү боюнча суроону жоопсуз калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Талкууда депутаттар талапкерден мурда британиялык окутуунун кайсы ыкмасы жөнүндө айтып жатканын сурашты. Иманалиев Казакстан менен Эстониянын тажрыйбасы колдонуларын айтып, конкреттүү жооп берген жок.

Бирок эл өкүлү Гуля Кожокулова Улуу Британия Советтер Союзунун тушунда кабыл алынган билим берүү стандарттарын негиз кылып алганын белгиледи.

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү киргизилеби деген суроого министрдин милдетин аткаруучу өзү үчүн чечим кабыл алганын, бирок аны дайындоо боюнча президенттин жарлыгы чыкмайынча айтпай турганын айтты.

"Азыр жарыяласам колдоочулар менен катар каршылар дагы чогулат. Марттын аягында концепция даяр болгондо билдирүү жасайм. Мага бир ай убакыт бергиле, анан биз улуттук баалуулуктарды ишке ашырабыз",-деди Иманалиев.

Бул арада депутат Жусупбек Коргонбай уулу талапкерден мугалимдердин ишине, окуу китептеринин жетишсиздигине жана алардын сапатына көңүл бурууну, билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүүнү суранды.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Иманалиевди Билим берүү министрлигине жетекчи кылып дайындоону бир добуштан колдошту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10563