Депутат: СССР убагында мугалимдер таяктап тарбиялашкан. Азыр үн көтөрүүдөн коркушат
RU

Депутат: СССР убагында мугалимдер таяктап тарбиялашкан. Азыр үн көтөрүүдөн коркушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин 9-мартындагы жыйынында мугалимдердин статусу тууралуу маселени көтөрдү.

Депутат жакында эле №91 мектеп-гимназиясындагы окуучунун мугалимди мазактаган маселе болгонун эске салды. Алиевдин айтымында, СССРде мугалимдер катуу тартипти талап кылып, окуучуну уруп да коюшчу.

"Мурунтан бери эле ар бир коомдо мугалимдин орду чоң болгон. Мугалим инсандын калыптанышынын, өнүгүүсүнүн башатында турган инсан. Тилекке каршы, учурда Кыргызстанда мугалимдердин кадыр-баркы төмөндөп кетти. Окуучулар жана алардын ата-энелери укуктарын кантип коргоону билишет, бирок алар жоопкерчиликти кантип көтөрүүнү билишпейт. СССРде мугалимдер кандай болгонун баарыбыз билебиз. Таяк менен олимпиаданын жеңүүчүлөрүн тарбиялап келишкен. Кыргыздар ошол учурда так илимдер, физика, химия боюнча бүткүл союздук олимпиадаларда биринчи, экинчи орунду ээлеп турушчу. Ал учурда мугалимдер катуу талаптарды коюшчу, бирок азыр мугалимдер үн көтөрүүдөн коркушат, анткени нааразычылыктар башталат. Мугалимдер ансайын окуучуга кандайдыр бир талап коюудан коркуп жатышат. Бул жакшы көрүнүш эмес, жакшылыкка алып келбейт. Биз баарыбыз мамлекетибизге мугалимдердин коомдогу ролун жана беделин бекемдөөгө жардам беришибиз керек", - деди Алиев.

Эске салсак, 12-январда Жогорку Кеңеш мугалимдерди кемсинткендиги үчүн жазалоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган.

Буга чейин долбоордун иштеп чыгуучулары 12-16 жаштагы окуучулар мугалимге акарат келтирип, сыйлабаган учурда ата-энесин же камкорчуларын 20 эсептик көрсөткүч (2000 сом) менен жазалоону сунушташкан. Жыл ичинде жосун кайталанган учурда 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (5 миң сом) айып салынышы же үч күндөн беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алуу менен алмаштырылышы мүмкүн. Бирок үчүнчү окууда ата-энелерге же камкорчуларга эскертүү гана берилет деген чечим кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында парламент мыйзам долбоорун жактырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10771