Мугалимди тоготпой, түз эфирге чыккан окуучу кечирим сурады. Министр мектепке барды
RU

Мугалимди тоготпой, түз эфирге чыккан окуучу кечирим сурады. Министр мектепке барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сабак учурунда мугалимди тоготпой түз эфирге чыгып, уят сөздөрдү сүйлөгөн окуучулар билим алган мектепке министр баштаган топ барды. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барышты.

Министр окуучу жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды.

Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди.

Каныбек Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өтүүнү тапшырды.

"Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?", - деди министр.

Каныбек Иманалиев мамлекеттик саясат дагы мугалимдерди колдоого багытталганын белгилеп, президент билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Ошондой эле министр кайсы жакшы эжей, мектеп, билимдин баркы жөнүндө ролик жасаган окуучуларга атайын сыйлык бере тургандыгын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10737