Бир күн мурда эле текшерилген. №33 мектепке бомба тууралуу билдирүү түштү
RU

Бир күн мурда эле текшерилген. №33 мектепке бомба тууралуу билдирүү түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы №33 мектепке бүгүн, 28-апрелде имаратта жардыруучу зат бар деген билдирүү түштү. Бул туурасында Kaktus.media сайтына окуучулардын ата-энелери маалымдашты.

Белгилей кетсек, 27-апрелде эле аталган билим берүү мекемесинде эвакуация болуп, текшерүү жүргүзүлгөн. Жыл башынан бери аталган мектепке бомба тууралуу 7 жолу билдирүү түштү.

Эске салсак, 26-апрелде Бишкектеги мектептерге, университеттерге бомба тууралуу билдирүү түшүп, тиешелүү органдар текшерүү жүргүзгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаковдун айтымында, милиция бомба тууралуу билдирүүнү текшерүүгө 55 миң сом сарптайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11902