Депутат: Ысык-Көлгө туристтер эмес өзүбүздүн да түшкүбүз келбей калат
RU

Депутат: Ысык-Көлгө туристтер эмес өзүбүздүн да түшкүбүз келбей калат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мейкинбек Абдалиев жакында Ысык-Көлгө туристтер эмес жергиликтүү эл дагы түшкүсү келбей калат деп чоочулоодо. Бул туурасында ал 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Эл өкүлү белгилегендей, Кыргызстанда нефть, газ жок, бирок бейиштей болгон жаратылыш бар. Алардын бири - Ысык-Көл.

"Акыркы кезде көлүбүзгө көңүл бурбай койдук. Ысык-Көлдүн боюнда канча деген эс алуу жайлары, пансионат, санаторийлер бар. Көбүндө саркынды сууларды иштетүүчү курулмалар жок, калдыктар көлгө куюп, стандарттарга жооп бербейт. Эгер, биз ушундай мамиле кыла берсек алдыда коноктор эмес, өзүбүздүн дагы сууга түшкүбүз келбей калат. Ошондуктан тийиштүү ишканалар ар бир пансионат, эл алуу жайларды текшерип чыгыш керек. Эгерде, саркынды сууларды иштете турган курулмалары жок болсо аларга конокторду кабыл алууга уруксат бербешибиз керек. Биз азыр маани берип, көлүбүздү сактап калбасак, келечек муун бизди кечирбейт", - дейт.

Ошондой эле жайкы лагерлерге байлардын, чиновниктердин балдары барарын, карапайым жарандардын бала-чакасы барбай каларын белгиледи. Ушул маселени дагы тийиштүү орган текшерүүгө алсын деген сунушун айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12323