Бассейиндин суусу көлгө куюлуп турган. Ысык-Көлдөгү эки пансионатка айып салынды
RU

Бассейиндин суусу көлгө куюлуп турган. Ысык-Көлдөгү эки пансионатка айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Керемет-Суу" жана "Дельфин" пансионаттарына айыптар салынды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, апрель айынын аягында аталган эс алуучу жайлар экологияны бузуп жатканы тууралуу сөздөн кийин текшерүү жүргүзүлгөн.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жеринде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү максатында Экономика жана коммерция министрлигине кайрылып, макулдашылган жолдомо алган.

"Керемет-Суу" жана "Дельфин" эс алуу жайларында болгон текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Пансионат ээлери тарабынан тиешелүү уруксат кагаздары көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле эс алуу жайларынын (курууга чейин) долборлору иштелип чыкпай, экологиялык экспертизанын корутундулары алынбагандыгы белгилүү болду.

"Керемет-Суу", "Дельфин" эс алуу жайларында термалдык ысык сууларды толтуруу үчүн бассейндер курулган, алардан агып чыккан суулар тазаланбастан, түздөн-түз дренаж каналдары аркылуу Ысык-Көл суусуна агып кеткен учурлар аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында текшерүү актысы, укук бузуулар боюнча протокол түзүлүп, Суу кодексинин, Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамынын, Экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзамынын беренелерине жана өкмөттүн токтому менен бекитилген жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелерине ылайык, административдик айыптар салынды. Эс алуу жайларынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча каттар аталган пансионат ээлерине жөнөтүлдү.

Бардык топтолгон материалдар Ысык-Көл райондук прокуратурасына юридикалык баа берүү максатында өткөрүлүп берилди.

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" 131-жарлыгын ишке ашыруу жана 2023-жылдын туристтик сезонуна даярдык көрүү максатында тиешелүү иш-чаралаар улантылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12224