Президент Ысык-Көл облусунун башчысына сөгүш берди
RU

Президент Ысык-Көл облусунун башчысына сөгүш берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш берилди. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлгөн.

  • Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынган эмес;
  • Көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.
  • Мындан тышкары Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген деп айтылат маалыматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13223