Чолпон-Атада пляждардагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды
RU

Чолпон-Атада пляждардагы тосмолордун дээрлик 90 пайызы алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кум жээктердеги тосмолордун 90 пайызы алынды.

Белгилесек, Садыр Жапаров "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүүгө кол койгон.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган. Ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12982