Караколдогу төрөт үйүндө жабыркаган ымыркай: Ооруканадан өздөрүнүн версиясын айтышты
RU

Караколдогу төрөт үйүндө жабыркаган ымыркай: Ооруканадан өздөрүнүн версиясын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө ымыркайдын ийини сынган окуяга байланыштуу оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Рыскан Алдашева маалымат берди. Анын видеосун Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.

Рыскан Алдашеванын айтымында, келин ооруканага 13-августта кайрылган.

"Кош бойлуу аялдардын патология бөлүмүнүн башчысы, палаталык дарыгер менен кошо келинге диагноз коюп, 14-августта кесарево кылууну планга киргизишет. Тилекке каршы, келиндин толгоосу 13-августка караган түнү башталып, таңкы саат 04:00 чамасында медайымга кайрылат. Медайым караган учурда келиндин толгоосу токтоп калган, мындан улам адис байкоо жүргүзүү сунушун берген. Баса белгилеп кетели, ошол күнү 8 төрөт болуп, арасында оор операциялар дагы болду.

Операциядан чыккан дарыгер, нөөмөттөгү акушерлер келинди караганда төрөт жолу ачылып, баланын башы ылдыйлап калгандыктан өзү төрөсүн деген жыйынтыкка келишкен. Баланын салмагы чоңураак болуп, төрөт оор өтүп, ымыркай акырек сөөгү сынган абалда төрөлөт. Бала энесинин көкүрөгүнө жаткырылып, 40 мүнөттөн кийин жандандыруу бөлүмүнө балдар даыгери которот. Ошондон бери наристе да, келин дагы көзөмөлдө", - деди Алдашева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13540