Ысык-Көлдө окуучуну уурдап, анын ата-энесинен 300 миң доллар талап кылышкан
RU

Ысык-Көлдө окуучуну уурдап, анын ата-энесинен 300 миң доллар талап кылышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 11 жаштагы бала (сентябрда 12ге чыгат) уурдалып, кымышты жасагандар окуучунун ата-энесинен 300 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Бостериде эс алып жаткан Аламүдүн районунун 1975-жылы туулган тургуну Д.А.К. милицияга кайрылган. Ал "Асыл-Таш" пансионатында эс алып жатканын, ошол күнү саат 08:30 чамасында белгисиз адамдар анын уулу А.Ч.Бны уурдап кетишкенин жана байланыш каражаттары аркылуу 300 миң доллар акча талап кылганын билдирген.

Бул факты катталып, кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү колго түшүрүү планы жарыяланган. Натыйжада ошол эле күнү бала Кемин районунан табылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13559