Чүй каналына ыргытылган жигиттин сөөгү бир нече күндөн кийин табылды
RU

Чүй каналына ыргытылган жигиттин сөөгү бир нече күндөн кийин табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокто уурдалган 20 жаштагы жигиттин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды. Кылмышка шектелип 3 адам кармалып, СИЗОго киргизилди. Бул туурасында Чүй ОИИББден kaktus.kg сайтына билдиришти.

Такталгандай, 4-июлда Токмок ШИИБге 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-июлга караган түнү 2003-жылы туулган иниси үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Аталган факты Токмок ШИИБге катталган. Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда далил буюмдар табылып, Тергөө кызматы тарабынан 165-беренесинде көрсөтүлгөн (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1988, 1983 жана 1996-жылы туулган жарандар шектүү катары кармалган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, шектүүлөр жабырлануучу жаранды ортодо чыккан уруштан улам үйүнөн алып чыгып, уруп-сабап, андан кийин колун жоолук менен байлап Чоң Чүй каналына ыргытып салышкан. Кармалгандар эки айга СИЗОго киргизилди.

Ал эми маркумдун сөөгү бүгүн, 10-июлда табылды. ӨКМнын маалыматына караганда, издөө иштерине 49 куткаруучу тартылып, саат 11:40 чамасында Алга жана Кошой айылынын ортосундагы көпүрөнүн астынан жигиттин сөөгү табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13335