Ысык-Көлдө эс алуучуларды сүйрөп жүргөн катер сууга чөгүп кетти
RU

Ысык-Көлдө эс алуучуларды сүйрөп жүргөн катер сууга чөгүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө катер сууга чөгүп кетти. Бул окуя боюнча облустук милициядан маалымат беришти.

Милицияга 29-июлда Пристань-Пржевальск айылындагы пляжда үйлөмө баллонду сүйрөп бара жаткан катер ала салып, көлгө чөгүп кеткени, баллондо отурган 5 эс алуучу көлдүн жээгине сүзүп чыгышканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Такталгандай, катердин ээси 37 жаштагы Б.А. эс алуучуларды баллон менен көлдүн үстүнөн сейилдетип бара жатып, кайыгын чукул буруп жиберген. Натыйжада катер ала салып кеткен.

Жабыркагандар жок жана эс алуучулар арыз жазуудан баш тартышты. Бардык эс алуучулар жана каткрдин айдоочусу куткаруучу жилет кийип жүрүшкөн.

Азыркы учурда суу катеринин ээси тарабынан суу аттракционун камсыз кылуу боюнча тийиштүү уруксат документтеринин бар, жогун текшерүү улантылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13720