Тинтүү учурунда эки милиция сабалган окуя. Аткезчилик жүктөр конфискацияланды
RU

Тинтүү учурунда эки милиция сабалган окуя. Аткезчилик жүктөр конфискацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы ири өлчөмдөгү тамеки буюмдарын мамлекеттин эсебине конфискациялады. Алынган товардын баасы 2 миллион сомго жакын дешет коопсуздук комитеттен.

Маалымдалгандай, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А. акциздик маркасы жок тамеки буюмдары менен кармалган. Бул факты боюнча 239-берене (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) менен кылмыш иши козголуп, 21-июлда Баткен райондук соту тарабынан жогоруда аталган адамга 100 миң сом айып салынган. Ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамеки конфискацияланган.

Эске салсак, 2023-жылдын 9-майында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Ж.Д.А`нын үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, акциздик маркасы жок 17 960 куту тамекини табышкан. Тинтүү учурунда аткезчилик жүктөрдү жашырууга аракет кылган жарандар милиция менен УКМКнын кызматкерлерине кол салып, анын кесепетинен 2 милиция ооруканага түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13837