Тинтүү учурунда сабалган милициялардын окуясы. УКМК кандай товар алынганын айтты
RU

Тинтүү учурунда сабалган милициялардын окуясы. УКМК кандай товар алынганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде аткезчилик жүктөрдү жашырууга аракет кылган жарандар милиция менен УКМКнын кызматкерлерине кол салып, анын кесепетинен 2 милиция ооруканага түшкөнү кабарланган.

Бул окуя боюнча УКМКнын маалымат кызматынан кошумча маалымат берип, тинтүү учурунда баасы 1,8 млн сомду түзгөн товар алынганын кабарлады.

Белгилүү болгондой, козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-майда Баткен районунун Кара-Бак айылынын жашоочусунун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен алып келинген акциздик маркасы жок 18 миң пачка тамеки алынган. Товардын баасы 1 млн 800 миң сомду түзөт.

Тиешелүү иштерди аткаруу учурунда үйдүн жашоочулары ачык каршылык көрсөтүшүп, физикалык күч колдонушкан. Анын кесепетинен 2 милиция кызматкери жаракат алды.

Бул факты боюнча "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук жасоо же коркунуч келтирүү" беренеси менен иш козголуп, Кара-Бак айылынын 3 тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК контрабанда менен алектенгендер, кылмышка тиешеси бар адамдар статусуна, ээлеген кызмат ордуна карабастан мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12145