"Золотые пески" пансионатында парашютчан адам дарактарга кулап түштү(видео)
RU

"Золотые пески" пансионатында парашютчан адам дарактарга кулап түштү(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-августта "Золотой пески" пансионатында кезектеги парашют менен маселе жаралды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Парашютту ижарага алган жайдын ээлери дароо анын артынан чуркашты. Учурда жабырлануучунун өзүн кандай сезип жатканы белгисиз. Маалым болгондой, окуя катуу шамалдан улам келип чыккан.

Эскерте кетсек, буга чейин 15-июлда ушул эле пансионатта парашют менен байланыштуу дагы бир окуя болгон: Караколдук 31 жаштагы эс алуучу айланма аттракционго илинип калган. Аттракциондун ишин токтотуп, ИИМдин кызматкерлери ал кишини куткарышкан. Бирок, kaktus.kg редакциясынын катталуучулары жергиликтүү эс алуучулар ал адамды куткарганын айтышкан.

Бул факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат реестрине катталган.

"Мындай фактыларды болтурбоо максатында, ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте эс алуучуларды сууга түшүргөн субъектилердин бар-жогун кайрадан текшерүүнү тапшырды", - деп билдиришти ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13944