Бостериде парашют менен аттракционго илинип калган киши жабыркаган жок
RU

Бостериде парашют менен аттракционго илинип калган киши жабыркаган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бостериде парашют менен секирген эс алуучу аттракционго илинип калган. Анын абалы жана окуя тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен маалымат беришти.

14-июлда Каракол шаарынан келген 31 жаштагы эс алуучу аба парашюту менен сейилдеп бара жатып, айланма аттракционуна илинип калган. ИИМдин Ысык-Көл ОИИБи боюнча атайын операцияларды өткөрүү отрядынын кызматкерлери дароо аттракциондун ишин токтотушкан. Парашют менен илинип калган эс алуучуну аттракциондон алып түшүүгө жергиликтүү адамдар жардам беришкен.

Дарыгерлер жерине барып, анын ден соолугуна эч кандай зыян келтирилбегенин аныкташты.

Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көрсөтмөсү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте аттракциондордун, суу катерлеринин коопсуздугу кандай деңгээлде камсыздандырылганы боюнча текшерүүнү баштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13435