Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеген бейтаптардын алтоо ооруканадан чыгышты
RU

Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеген бейтаптардын алтоо ооруканадан чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит тиштеген сегиз тургундун экөө ооруканада калып, дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Инфекционист, эпидемиолог, хирург жана травматологдун катышуусунда өткөн кеңешмеден кийин алты бейтаптын абалы канааттандырарлык болуп, амбулатордук дарыланууга чыгышты. Аларга кутурмага каршы вакцинаны алуунун алгоритми боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Экөө дагы эле байкоодо, алардын жаракаттары тигилген. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Эске салсак, 25-августта Баткен районунун Кызыл-Кыя шаарынын сегиз тургунун жолбун ит тиштеп, алар ооруканага түшкөн. Ал жерден кутурмага каршы иммуноглобулин жана вакцина курсу дайындалган.

Ошондой эле ал ит 3 баш бодо малды тиштеп алган. Кийин ит табылып жок кылынып, изилдөө үчүн иттин мээси лабораторияга жөнөтүлгөн.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Александр Плонский/"ВиЖ".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14183