Кызыл-Кыядагы жигиттердин мушташы эмнеден чыкканы белгилүү болду
RU

Кызыл-Кыядагы жигиттердин мушташы эмнеден чыкканы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Кызыл-Кыя шаарында топ балдардын мушташкан видеосу тараган. Окуя 19-сентябрда болгонун Баткен ОИИБден маалымдашып, окуянын жагдайларын айтышты.

Милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө бир топ балдардын урушуп жаткандыгы кабарланып, маалымат каттоого алынган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында мушташка Кызыл-Кыя шаарынын 22-23 жаштагы 3 тургуну, Ош облусунун Ноокат районунун 24-25 жаштагы 3 тургуну катышканы аныкталды.

Жигиттер 19-сентябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамаларында Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жөө адамдар өтүүчү өтмөктө бара жатып жол талашып, ортодо пикир келишпестик жаралган. Анда Кызыл-Кыя шаарынын тургуну М.Э. менен Ноокат районунун тургуну А.Б. урушуп кеткен. Бирок алар ошол эле жерден жарашып, кол алышып кетишкендиги белгилүү болду.

Тараптардын бири-бирине карата арыз доосу жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14476