Жалал-Абадда топ балдардын мушташы эмнеден келип чыккан? Милициянын маалыматы
RU

Жалал-Абадда топ балдардын мушташы эмнеден келип чыккан? Милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында түн ичинде топ балдар мушташып жаткан видео социалдык тармактарга тарады. Анда 2 жигитти сабап кеткен айтылган.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя 8-августта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда болгон.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, мушташкан жарандардын аты-жөнү аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага жана ички иштер бөлүмүнө эч кимиси кайрылган эмес, ошондой эле бири-бирине доо арыз жазуудан баш тартышты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Алдын ала текшерүү учурунда Базар-Коргон районунун 18 жаштагы Б.Р. жана А.К. жана 24 жаштагы Б.Р. аттуу жашоочулары Спутник кичи шаарчасындагы СИЗОнун имаратында куруучу болуп иштеп жатышканы такталды. Алар "Омас" маркетине суусундук алууга барган учурда 2 бала (18 жаштагы А.С. жана Н.А.) менен урушуп кетишкен.

Натыйжада эки тарап бири-бирине дооматтары жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук- медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13846