Кулак, мурду кесилген келиндин операциядан кийинки абалы айтылды
RU

Кулак, мурду кесилген келиндин операциядан кийинки абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн мурда Селекцияда күйөөсү аялынын кулактарын, мурдун кескилеп салганы, жабырлануучу оор абалда экени айтылган. Улуттук госпиталда келинге узак мөөнөттөгү операция жасалып жатканы маалым болгон.

Бүгүн, 21-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен бейтаптын операциядан кийинки абалы тууралуу маалымат беришти.

Ага 8 саатка чукул операция жасалган. Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө которулду. Учурда абалы орто оор деп бааланууда. Келин дарыгерлердин көзөмөлүндө экени белгилүү болду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14494