Күйөөсү тарабынан бети-башы кескиленген аялга бир нече сааттан бери операция жасалууда
RU

Күйөөсү тарабынан бети-башы кескиленген аялга бир нече сааттан бери операция жасалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Селекция айылында күйөөсү тарабынан кыйноого алынып, бети-башы кескиленген келиндин абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 20-сентябрда саат 11:00дө Улуттук госпиталга Сокулук райондук Жалпы дарыгердик практика борборунан бети, моюну кесилген аял которулган.

Саат 11:30да жабырлануучуга хирургдардын жана микрохирургдардын катышуусунда операция жасалып баштаган. Азыркы учурда операция уланууда. Дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышат.

Министрликтен жабырлануучунун операциядан кийинки абалы тууралуу кошумча маалымат берилерин айтышты.

Белгилесек, кылмышка шектелип жабырлануучунун күйөөсү - 1984-жылы туулган Э.А. кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14482