Депутат: Өзүн пиар кылган жетекчилер Ак үйдүн артындагы имаратты эмнеге бузбайт?
RU

Депутат: Өзүн пиар кылган жетекчилер Ак үйдүн артындагы имаратты эмнеге бузбайт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери адилетсиз жүрүп жатат деп нааразы болду. Депутаттын айтымында, мыйзамсыз курулуштар боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн, бирок төрагалары эмнегедир алмашып жатат.

"Бул жерде бир сыр бар. Комиссия ишин аягына чыгарсын, болбосо тарасын. Бизге аябай көп жарандар кайрылып жатат. Бишкек шаарынын өзүн пиар кылган айрым жетекчилери, орун басарлары "Батуми" кафесин бузду. А эмне үчүн Ак үйдүн аркасында турган имаратты бузбайт? Мыйзам баарына бирдей болгондон кийин адилеттүү караш керек да. Адилетсиздик болуп жатат. Ар кандай комиссия түзүлөт, аягына чыкпайт же туура эмес чечимдер болууда. Эгер буга чекит коюлбаса депутаттык чоң комиссия түзүп, 3 айдын ичинде Кыргызстан боюнча карап чыгышыбыз керек.

Күнүмдүк жашоосун өткөрүп жаткан бир байкуштун күркөсүн бузуп, өздөрүн пиар кылып жүрүшөт. Адилеттүү болсо бардыгын тегиз карап, байлардыкын бузбайбы. Байлардыкы бузулбай, жөнөкөй элдики бузулуп жатат", - деди эл өкүлү.

Кесиптешинин нааразычылыгына комиссиянын мүчөсү катары Алишер Козуев жооп берди.

"Депутаттык комиссия бир топ иштерди алып бардык. Ашыкча сыр болгонун байкаган жокмун. Бир гана комиссиялык топтун төрагасы Дастан Бекешев башка комиссияга мүчө болгондуктан, ордуна Азамат Алмазбекович келди. Биз ишибизди жыйынтыктап, чечим чыгарганбыз", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14584