"Батуми" кафесин бузуу. Ишкер менен мэриянын кызматкерлери тартышты (видео)
RU

"Батуми" кафесин бузуу. Ишкер менен мэриянын кызматкерлери тартышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы мертди түзгөн "Батуми" кафеси буздурулууда. Демонтаждоонун алдында мэриянын кызмактерлери менен кафенин ээлеринин ортосунда талаш-тартыш жаралды.

Мекеменин ээси Кадича Бечелова демонтажга жол бербөө үчүн экскаватордун алдын тосту. Ал салык төлөөчүлөрдүн бири экенин айтып, Бишкек мэриясынын ишкерлерге жасаган мамилесине нааразы экенин билдирди.

Кафенин ээси ыйлап, президент Садыр Жапаровдон өмүр бою мугалим болуп иштегенин айтып, аны коргоону суранды.

Ошондой эле алар мекемени өздөрү демонтаждап, бардык эмеректерди жана жабдууларды алып чыгуу үчүн убакыт берүүнү суранышты.

Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну контолдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү жүрүштү. Бирок вице-мэр Нурдан Орунтаев аларга буга чейин 10 күн берилгенин, бирок үй ээлери муниципалитеттин эскертүүсүнө көңүл бурбаганын айтып, андан баш тартты.

Орунтаев ошондой эле кожоюндарды ким коргоп жатканын билерин билдирди. Кафенин ээсинин уулу милицияда иштейт экен.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, "Эстоунд" ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.

Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилип, бирок талап аткарылган эмес.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12484