Нурдан Орунтаев экс-депутатты имараттан чыгарып салды. Мурдагы чиновник арыз жазды
RU

Нурдан Орунтаев экс-депутатты имараттан чыгарып салды. Мурдагы чиновник арыз жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги муниципалдык имарат Жогорку Кеңештин экс-депутаты тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу борбор калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти, Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен көчмө жыйын өткөрдү. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.

Учурда Рабочая көчөсү, 11б дарегинде жайгашкан муниципалдык имараттарды бошотуу иштери жүрүп жатат.

Вице-мэр Орунтаев белгилегендей, экс-депутат бала бакчанын имаратын бир нече жылдан бери колдонуп, бизнес кылып, жараксыз абалга алып келген.

"Соттун чечими чыкса дагы "мен депутатмын, мага мыйзам жок!" деп бүгүнкү күнгө чейин бошотпой жүргөн. Эми биз барып бошотуп, кубалап чыксак, көк беттенип кайра арыз жазып жатат. Бизге бала бакча керек", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.

Мурдагы чиновникке бала бакчанын имаратын бошотуу боюнча бир нече жолу эскертүү берилген, акыркысы 28-августта тапшырылган. Бирок Парманкулов Нурдан Орунтаевдин жана мэриянын муниципалдык кызматтарынын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазган.

Орунтаев экс-депутаттын мүлкү айып короосунда турганын, ал имаратты бошотууда муниципалитет тарткан бардык чыгымдарды төлөп, мүлктөрүн алып кете аларын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14552