Шаурмага уулангандардын саны 70тен ашты
RU

Шаурмага уулангандардын саны 70тен ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте шаурма жеп уулангандардын саны дагы өсүп, бүгүн, 3-октябрда 71 болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Учурда 36 бейтап ооруканада дарыланууда, анын ичинен 31и чоңдор, бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Алардын абалдары туруктуу. Айрымдары үйүнө чыгарылышы күтүлүүдө.

Ал эми калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Белгилесек, 1-октябрда Бишкектин Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайларынан шаурма жеген 21 киши ууланып, анын ичинен 15 адам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. 2-октябрга карата жабыркагандардын саны 62ге жеткен.

Тез татым жайларынын ээлерине 72 миң сом айып салынып, кемчиликтери жоюлганга чейин жабылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Unsplash.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14626