Матраимовго тишеси бар 58 бажы кызматкери иштен алынды
RU

Матраимовго тишеси бар 58 бажы кызматкери иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 6-декабрда маалымат жыйында билдирди.

Ал 2022-жылдан бери териштирүү жүрүп келгенин, иштен алынган кызматкерлер арасында орун басарлар, башкы инспекторлор да болгонун айтып, кирешинин көбөйүшүн коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгына байланыштырды.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Чүйдүн Кемин районундагы атайын кызматтын бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы болгонун айткан.

Ал учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар делген 202 кызматкер иштен алынганын, алардын 50сү бажы кызматкери экенин тактаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15090