Арстан Алайдын өлүмү. №31 колониянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
RU

Арстан Алайдын өлүмү. №31 колониянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында аталган органдан кабарлашты.

Текшерүүдө Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинин жоопту кызмат адамдары "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын аткарбай, Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөнү аныкталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына карата 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылды.

Эске салсак, Арстан Алай 5-январда каза болду. Жазаларды аткаруу кызматы анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашканасында асынып турган жеринен табылганын билдирди. Анын сөөгү 7-январда Орок айылында жерге берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15297