Жер титирегенде алгач эмне кылуу керек? Эреже
RU

Жер титирегенде алгач эмне кылуу керек? Эреже

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-январга караган түнү Кыргызстандын бир катар облустарында жер титиреди. Силкинүүнүн очогу кыргыз-кытай чек ара аймагында экени айтылды. Очогундагы балл 7,2ге жеткен. Буга ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдө эмне кылуу керек экенин билип алууга чакырат.

  • Кырсык башталганда адам дайыма өзү менен алып жүргөн буюмдарын: телефон жана өздүгүн тастыктоочу документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетиши керек;
  • Эгерде жер титирөө учурунда адам биринчи кабатта болсо, анда 10-15 секунддан соң биринчи титирөөдөн кийин көчөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар;
  • Жер титирөө учурунда адам экинчи кабатта болсо, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу (бурч, столдун асты ж.б.) керек;
  • Эч качан терезеден секирбеңиз!
  • Эгер жер титирөө учурунда сыртта болсоңуз туруксуз курулуштардан, кыйроочу чакан имараттардан алыс болуңуз;
  • Ачык жерге качып, көрнөк-жарнактардан, күркөлөрдөн, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз.

1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келет.

Зилзаланын болорун алдын ала божомолдоо мүмкүн эмес. Эӊ көп жер силкинүү катталган Япония да мындай мүмкүнчүлүктөргө жете элек. Бирок жер силкинүүнүн алдында бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Бул белгилер байкалганда дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге жайгашуу зарыл.

Жер титирөөдө ошондой эле өрт учурунда эч качан лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүү керек. Имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ. 
Бул жер титирөөнүн көбүрөөк чыгым болуусунун алдын алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15362