Президент "криминалдар Садыр Жапаровду колдоду" деген маалыматты кимдер таратканын айтты
RU

Президент "криминалдар Садыр Жапаровду колдоду" деген маалыматты кимдер таратканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримавторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдагы октябрь окуясында Садыр Жапаровго колдоо көрсөткөнү боюнча соцтармакта билдирүүлөр жарыяланып келет. Мындай кептерге президент "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде жооп берди.

Садыр Жапаровдун айтымында, Көлбаев Сапар Исаковду колдогон.

"Криминалдар Садыр Жапаровду колдоп жатат" деген жалган маалыматты ошол мезгилдеги менин оппоненттерим жана "Азаттык" тараткан. Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарып салуу болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу. Жыйынтыгында көпчүлүк эл менин талапкерлигимди колдоп, президенттик кызматка шайланып калдым", - дейт Жапаров.

Журналист президенттен "Камчы Көлбаев мени эмес, Сапар Исаковду колдогон" деген сөзгө далил барбы деп кызыкты.

"Ага толук далилдер бар. Ошол мезгилде эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенбиз. 6-октябрдаКамчы Көлбаев Сапар Исаковго "Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө" деп зооттолгон "Мерседес" унаасын белек кылган.

8-октябрда Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына "Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула" деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз.

Алар - криминалдар: "Бардык күчтөр бирикти, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жалгыз калышты, элдин баары Сапар Исаковду колдошот, ал президент болот" деп, 8-октябрь күнү өздөрүнчө жыйынтык чыгарып алышкан. 9-октябрь күнү бардык күчтөр биригип, анан бизге каршы аянтка чыгышпадыбы.

Эсиңерде болсо, ошол күнү карапайым эл "бириккен күчтөрдү" аянттан кубалаганда Сапар Исаков менен Атамбаев Камчы Көлбаев белек кылган зооттолгон унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бир киши травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Желим ок тийген эшиги оңдолбостон, ошол эле бойдон экен. Кечээ жакында жер төлөдөн табылып, унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди. Ошол үчүн толук далилдер бар деп айтып жатам", - деп белгиледи президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15386