Октябрь окуясы боюнча Атамбаев жана башка саясатчылар акталды
RU

Октябрь окуясы боюнча Атамбаев жана башка саясатчылар акталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28 июнда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү бүтүп, өкүм чыгарылды.

Сот Алмазбек Атамбаевди жана башка айыпталуучулардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады.

Эскерте кетсек, октябрь окуясына байланыштуу бир нече саясатчыга айып тагылган. Алар: Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов жана Өмүрбек Бабанов.

Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Ал эми Бабановдун иши өзүнчө бөлүндү.

Ага чейин Алмазбек Атамбаев мектеп куруу жана паспорт берүү иштери боюнча акталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7290