"Ички иштерибизге кийлигишпеңиздер". Президент АКШнын мамлекеттик катчысына кат жолдоду
RU

"Ички иштерибизге кийлигишпеңиздер". Президент АКШнын мамлекеттик катчысына кат жолдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына берген жообун соцтармакка жарыялады.

Буга чейин Блинкен Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирип, президентке кат жолдогон. 9-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШ элчиси Лесли Вигериге Садыр Жапаровдун Энтони Блинкенге жазган жооп катын тапшырды.

"Сиздин катыңыздын мазмунунда биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм. Сиз "мурдатан эле региондо Кыргызстандын жарандык коому абдан күчтүү жана өлкөдөгү демократиянын маанилүү бөлүгү болуп келген" деп жазгансыз. Албетте, бул туура. Мен сиздин пикирге кошулуп гана тим болбостон, адилеттүүлүккө жана эркиндикке умтулуу биздин элибиздин канында бар деп өзгөчө баса белгилейм", - деп айтылат катта.

Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу Энтони Блинкендин кооптонуусу боюнча төмөнкүлөрдү билдирген.

"Мыйзам долбоорунун максаты – Кыргызстанда иштеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө он миңдеген өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат.

Ошол эле учурда өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда.

Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик көзөмөл болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.

Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат", - деп белгилеген президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын.

"FARA Мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган.

Каттоодон кечиксе же баш тартса – административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат.

Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат - эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?

Соңку үч жылда Кыргызстанда көп нерсе жакшы жагына өзгөрдү. Биздин жасап жаткан кадамдарга эл аралык коомчулук жакшы деген объективдүү баа берүүдө. Мамлекетибиз канчалык бутуна турган сайын, ошончолук жарандык коом менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат.

Эл менен бийликтин ортосундагы бекем байланыш Элдик Курултай аркылуу жүргүзүлөт", - деген өлкө башчы.

Президент өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн каржылоо алып иштеп келе жаткандардын да ишин кубаттай турганын жана иш жүзүндө колдой турганын белгилеп, бирок талаптары бар экенин айтты. Тагыраагы, иши ачык-айкын болуп, салык органдарынын алдындагы отчеттуулугу камсыз кылынууга тийиш.

"Биздин аларга койгон талаптарыбыз ачык-айкын жана түшүнүктүү, муну коомубуз колдоп жатат, Кыргыз Республикасынын Конституциясына да, ошондой эле биздин эл аралык милдеттенмелерге да туура келет.

Бирок Кыргызстандагы "эркин ЖМК жана ӨЭУ" деген атты жамынгандардын өкүлдөрү мамлекеттик органдар демилге кылган чет өлкөлүк агенттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорлоруна таптакыр каршы чыгышты.

Мыйзам долбоорлору Евросоюзга мүчө-мамлекеттердин жана АКШнын салык төлөөчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен каржыланып жаткан бир катар ЖМКлардын жана ӨЭУлардын катуу нааразычылыгын жаратты, себеби алар мамлекет тарабынан салыктык контрол болуп, көмүскө каражаттарыбыз ачыкка чыгып калат деп коркууда.

Мыйзам долбоорлорун сындоого Евросоюз, ПРООН, ОБСЕ, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдар, Евросоюздун жана АКШнын элчиликтери, кыргыз ЖМКлардын жана ӨЭУлардын донорлору, чет мамлекеттердин депутаттары жана саясатчылары кошулду", - деген президент.

Садыр Жапаров өлкөдө адамдын укуктары жана эркиндиктери Конституция жана мыйзамдар менен бекем корголуп жаткандыгын айтып, Блинкен мырзаны Кыргызстанга чакырып, өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

"Учурда биздин ынак досубуз жана өнөктөшүбүз болгон Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси катары сиз биздин өлкөдө иштеп жаткан айрым өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын туура эмес маалыматына ишенип алып мыйзам долбоору боюнча өзүңүздүн кооптонууңузду мага билдирдиңиз го деп ойлойм.

Чындыгында өлкөбүздө көпчүлүк өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар татыктуу жана ачык-айкын иштеп жатат.

Алардын аз гана бөлүгү, чет мамлекеттерден каржыланып жаткан, курулай кыйкырганды билген бир ууч тобу жана алардын айрым өкүлдөрү гана өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө туура эмес маалыматтарды таратып жатышат.

Соңку отуз жылдын ичинде өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери чет өлкөлүк демөөрчүлөрдөн келген акча каражаттарын "жеп алып", "үй-бүлөлүк ишканага" айланган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын өзүнчө бир катмары пайда болгонун баса белгилейм (кыргыз коому аларды "грант жегичтер" деп атап койгон).

Зарыл болгон учурда биз Сизге тиешелүү маалыматтарды бергенге даярбыз. Ушуга байланыштуу мен АКШнын өкмөттүк уюмдары каржылаган өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарды жок дегенде соңку 10 жылдык финансы каражаттарын кандай жана кайда пайдалангандыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылам.

Болгону, менин бир эле өтүнүчүм бар – өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер", - деп жазылат катта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15524