Ысык-Көл облусунун башчысы болгон Уланбек Далиевдин өмүр баяны
RU

Ысык-Көл облусунун башчысы болгон Уланбек Далиевдин өмүр баяны

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Уланбек Далиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан кабарлашты.

Уланбек Далиев 1967-жылы Ысык-Көл районунун Жети-Өгүз айылында төрөлгөн. 1992-жылы Кыргыз айыл чарба институтун агроном адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1984-1985-жылдары - Жети-Өгүз айылдык керек-жарак коомунда тракторист;
  • 1994-жылы - Жети-Өгүз мамлекеттик атайын чарбасында жумушчу;
  • 1995-жылы - Жети-Өгүз мамлекеттик атайын чарбасында агроном;
  • 1996-жылы - Жети-Өгүз айыл чарба кооперативинде башкы инженер;
  • 2004-жылы - Жети-Өгүз айыл өкмөтүндө салык инспектору;
  • 2003-жылы - "Айыке" дыйкан чарбасынын мүчөсү;
  • 2013-2017-жылдары - Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы;
  • 2017-2020-жылдары - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары;
  • 2020-жылдын ноябрынан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болгон.

Эске салсак, 14-февралда Эмилбек Абдыкадыров облус башчысы кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15564