Дайынсыз болуп жаткан 3 бир тууган аман-эсен табылды
RU

Дайынсыз болуп жаткан 3 бир тууган аман-эсен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Раяна, Мусабек жана Исабек Маруковдор аман-эсен табылды. Ленин РИИБден билдиришкендей, бир туугандар Ысык-Көлдө жүрүшкөн.

Маалым болгондой, бир туугандар бүгүн, 26-февралда Ысык-Көл облусунун аймагында табылды.

Белгилесек, 24-февралда 2009-жылы туулган Раяна жана 2012-жылы туулган Мусабек жана Исабек аттуу эгиздер Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатышкан. Балдардын ата-энеси милицияга кайрылып, издөөгө жардам сураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15613