Бишкекте бир нече жол бир тараптуу болду. Тыгындар азайдыбы?
RU

Бишкекте бир нече жол бир тараптуу болду. Тыгындар азайдыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айрым көчөлөрдүн багыты өзгөртүлгөн. Мэрия Бишкектин маршруттук таксилерин автобуска алмаштырууда. Бирок, ага карабай күн сайын унаа тыгыны жаралууда. Авто тыгындар эртең менен же кечинде эле эмес, күндүз дагы болуп жатат. Тыгындардан кантип арылабыз? Kaktus.kg редакциясы айдоочу жана талдоочулар менен сүйлөштү.

Жумушка же маанилүү жолугушууларга кечигүү, стресс, абанын булганышы, убакытты текке кетирүү - Бишкектин күнүмдүк тыгындарынан улам келип чыккан көйгөйлөр.

Жолдордогу тыгын жана жай кыймыл карапайым жарандарды эле эмес, атайын транспорттун айдоочуларын да кыжырдантууда. Себеби куткаруучулар, тез жардам, өрт өчүрүү кызматы жана милицияга биринчилерден болуп, окуя болгон жерге барышы маанилүү. Албетте, Бишкектеги авто тыгындарда дайыма өз убактысында жеринде болууга мүмкүн болбой жатат.

Айрым көчөлөр бир тараптуу болду

Жаңырган жылдын 8-январынан тартып, алгач, Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү, Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик Бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эки тараптуу кыймыл боло баштады. Андан соң, 8 көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулду.

Бирок, бул көчөлөрдөгү кыймылдардын багытынын өзгөрүшү менен Бишкектеги унаа тыгындары азайган жок дешет айдоочулар.

"Сегиз көчөнү бир тараптуу кылып коюшту, мейли. Бирок, айдоочулар ал көчөлөр бир тараптуу болуп калганы үчүн айланып, убакыттын көпчүлүгүн жолдо өткөрүүдө. Маселе чечилген жок. Кайра эле мурункудай унаа тыгыны көп. Себеби, Бишкекте унаанын өзү көп болуп жатпайбы", - дейт айдоочулардын бири.

Акылдуу жол чырактар

"Өзүңүздөр билесиздер, биздин шаардын ички сыйымдуулугу азыркы сандагы унааларга эсептелген эмес. Шаардагы транспорттордун саны эбегейсиз көп. Ошондуктан мэрия менен биргеликте иштер алып барылууда. Буга ылайык, жолдор кеңейтилип, бир тараптуу кыймыл көбөйтүлдү.

Андан тышкары, эртең менен, түштө, кечинде кол менен жолдогу унаалдардын кыймылын жөнгө салып жатабыз. Бул маалдарда бардык жол кесилиштерде биздин кызматкерлер иш алып барууда", - дейт Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Исаев.

Ал мэрия менен кайгуул кызматы биргеликте автоматташтырылган жол кыймылын жөнгө салуу - акылдуу жол чырактар пилоттук долбоорун ишке ашырып жатканын кошумчалады.

"Бул долбоордун алкагында, жыл аягына чейин Бишкектин 350 жол кесилишинде акылдуу жол чырактар орнотулат", - дейт ал.

Бирок адистер бул аракеттер Бишкектеги жол тыгындарды азайтууга жардамын бербейт деп эсептешет. Алардын бири айдоочулар союзунун төрагасы Дүйшөн Токтакунов. Ал калаадагы жол тыгындарды азайтыш үчүн жол кесилиштерди, белгилерди, жол чырактарды азайтууну сунуштайт.

"Бизде жолдун кесилишиндеги жол чырактар канча көп болсо, ошончо тыгын көп болот. Башка, өнүккөн мамлекеттерде 6 катар жол тилкеси бар болсо да тыгын жок. Себеби, жолдордун кесилиштери аз. Унаалар жолдун асты же үстү менен кетет. Бизде дагы ошондой жолдорду курушубуз керек.

Ал акылдуу жол чырактар - унаанын агымын гана жөнгө салат. Бизде айрым жол чырактардын өзү туура эмес туруп калган. Борбор калаада кесилиштер абдан көп. Айланма жолдору куруу зарыл", - дейт талдоочу.

Дүйшөнаалы Токтакунов калаа бийлигинин бир тараптуу кыймылдагы жолдорду көбөйтүү идеясын колдойт. Бирок, ал ушул менен эле тим калбай, айланма жол, эстакадаларды курууну тездетүү керектигин баса белгилейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15677