Бишкекке жаңы автобустардын биринчи партиясы келди
RU

Бишкекке жаңы автобустардын биринчи партиясы келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке 25 жаңы автобус келди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

500 бирдиктин биринчи партиясы этап-этабы менен үстүбүздөгү жылы, кийинкиси 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө.

Борбор калаанын транспорт маселесин чечүү үчүн жалпысынан Кыргызстанга 1000ден ашык заманбап, экологиялык таза автобустар келет.

Эске салсак, 20-майда Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Zhongtong bus holding Co., leyt. фабрикасы менен таанышкан.

Буга чейин бул ишканадан Бишкек үчүн газ кыймылдаткычы бар 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар биздин жолдорубузда ийгиликтүү сыноодон өттү. Буга байланыштуу бюджеттик каражаттардын эсебинен ушул маркадагы дагы 1000 автобус сатып алуу чечими кабыл алынып, борбор калаага алынып келинет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13928