"4800 даттануу". Марлен Маматалиев динге жамынып, элди алдап жаткандар тууралуу
RU

"4800 даттануу". Марлен Маматалиев динге жамынып, элди алдап жаткандар тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Жарнак жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, депутаттар аны биринчи окууда колдошту. Мыйзам күчүнө кирсе фирмалык аталыштарда диний сөздөрдү колдонууга тыюу салынат.

Кошумчалай кетсек, бул мыйзам боюнча көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынган. Буга байланыштуу Kaktus.kg сайтынын редакциясы аталган мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган эл өкүлү менен маек курду. Анда Марлен Маматалиев бул демилге эмне үчүн көтөрүлгөнүн айтып берди.

"Кадимкидей ЭЛтРде, УТРде жана башка жеке телеканалдардын бүт бардыгында бар экен. Барын сүрөткө тарттырып алдым. Өзүңүздөр деле байкап, карап көрсөңүздөр болот. Кайсыл каналдарды ачпа, көңүл ачуучусу болсун, кино көрсөткөнү болобу, айтор кайсыл канал болбосун, ачык эле жарнамалар болуп жатат да. Мен бул жерде бир нерсени айта кетет элем: Эгер алар ошончо кыйын болсо, ошончо бирөөнүн жолун ачам десе, эмне кылат жарнама кылып?

Биз толук жок кылабыз деген маселе эмес. Алар болуп келген жана боло берет. Бирок, ачык-айкын мындай нерселерди жарнамалоо келечек муунга терс таасирин тийгизет. Мисалы, мен карап жаткан бир саатта балам, кыздарым келип отурду, ал жарнамаларды көрүп алып мага суроолорду пайда болду. Алар эми кичинекей бирок, чоңойгон сайын адамдын аң-сезимине кирип кете берет деп ойлойм. Жалпысынан бул бизге жат көрүнүш да. Бул биздин улутка, маданиятка жат көрүнүш. Экинчи жагынан дин маселеси, мусулмандарга деле бул жат көрүнүш. Ошол себептен бул мыйзамды чыгарып жатабыз",- дейт ал.

Депутат жарнаманы берээрдин алдында телеканалдар "анын мазмун, маани-маңызына биз жооп бербейбиз" деп жазып, андан кийин жанакы жарнамалап жатканын айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15914